Биз социалдык тармакта

"Сабак болбой жатат..." Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Бүгүн, 9-майда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

“9-май — бул жөн гана тарыхый дата эмес, жалпы элдин эс-тутуму. Улуу Жеңиштин дагы бир өзгөчөлүгү, бул жерде турган ар бир мекендешибиздин жеке тарыхына байланыштуу болгонунда. Бүгүнкү иш-чарага катышып олтургандардын ар бири согушка катышкан, оорукта эмгектенген чоң ата-чоң энелеринин же башка урук-туугандарынын эрдиктерин, каармандыктарын эскерип, азанын да, сыймыктын да көз жашы менен турушат.

Мындай учурда эркиндик үчүн өмүрүн арнап, бизге Улуу Жеңишти тартуулаган улуу муунга башымды ийип таазим кылуу менен бирге, жалпы мекендештеримди Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Биз сиздерге: ардагерлер менен оорук эмгекчилерине карыздарбыз. Эң ириде сиздердин эрдигиңиздерди унутпоону, мындан ары Мекенибиздеги тынчтыкты сактоону биздин ыйык милдетибиз жана бийик жоопкерчилигибиз деп билебиз.

Тагдырдын буйругу менен ар бириңиздер ошол оор тарыхтын тирүү күбөсү болдуңуздар. Сиздерге жеке өзүмдүн жана өлкөбүздүн бардык жарандарынын атынан терең ыраазычылык билдирем! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана бакубат жашоо каалайм!

Согуш кайгы менен жоготууларды гана алып келерин, ал эми тынчтык баа жеткис байлык экенин ошол эң каардуу жылдардан, ырайымсыз күндөрдөн улам билебиз. Ошол каргаша бүгүн да бүткүл адамзат үчүн чоң сабак болушу керек эле. Тилекке каршы, сабак болбой жатат. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө болуп жаткан согуштарда үч триллиондон ашуун каражат жумшалууда. Бул каражатты адамзаттын жаркын жашоосуна жумшасак кандай жакшы болоор эле. Жок дегенде жашыл жаратылышты коргоого жумшаганда дүйнө жүзү жапжашыл болуп турмак. Мына ошондуктан биз улуу жеңиштин сабактарын унутпай, тынчтыкты, ынтымакты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Биз үчүн жаркын келечек жана бейпил заман тартуулаган аталарыбыздын эрдиктерин улантып, ар бирибиз элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылууга аракеттенели", - деди президент.

Бүгүн Кыргызстанда согуштун 7 гана ардагери, ооруктун 297 эмгекчиси Жеңиштин 81 жылдыгын майрамдоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан