Орусиянын эл артисти Николай Басков Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы "Өчпөс полк" жөө жүрүшүнө катышууда. Анда ырчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте согуш ырын аткарып бара жатканын көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, ырчы бүгүн, 9-майда кечинде аталган шаардын борбордук аянтында өтө турган концертке катышат. Ошондой эле концерт "Любэ", "Блестящие" жана кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын коштоосунда өтөт.