Биз социалдык тармакта

Улуу Жеңиш күнүнө карата Каракол шаарында майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата Каракол шаарында майрамдык иш-чара болуп өттү.

Шаар тургундары менен коноктордун катышуусунда салтанаттуу парад өтүп, согуш ардагерлерине жана мекен коргоочуларына урмат көрсөтүлдү. Иш-чара "Евразия" уюуму жана Каракол шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.

Майрамдык жүрүшкө аскер кызматкерлери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана шаардагы ар түрдүү мекеме ишканалардын кызматкерлери катышты. Борбордук аянтта өткөн парадда мамлекеттик желектер көтөрүлүп, аскердик оркестр патриоттук чыгармаларды аткарды. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине арналган бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды.

Аянтта атайын тематикалык көргөзмөлөр коюлуп, келгендер үчүн сүрөткө түшүү аймак даярдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан