Биз социалдык тармакта

Улуу Жеңишке 81 жыл. Согуштан келгенде атасын тааныбай калган жоокер (маек)

102 жаштагы Аспек ата – Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Согуш башталганда ал болгону 17 жашта эле.

“Ал убакта унаа деген жок болчу. Эгинди кол менен сепчүбүз. Мүшөктү моюнга асып алып иштечү элек”, - деп эскерет ардагер.

Жеңиш кабарын ал Украинанын Виница шаарында уккан. Согуш бүткөндөн кийин дагы аскердик кызматын өтөп, 7 жылдан кийин гана мекенине кайтып келген.

“Өмүрлүк жарым абдан билимдүү” деп сыймыктанат Аспек ата. Эсенбүбү апа менен 76 жылдан бери бирге өмүр сүрүп келет.

Бүгүн алардын чоң дөөлөтү – балдары, неберелери, чөбүрөлөрү жана тынч жашоо.
Бул эрдиктин, сабырдын жана сүйүүнүн өмүр баяны.

Толугу менен SUPER.KG медиа порталынын YOUTUBE каналынан көрүңүздөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан