Бүгүн, 9-майда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчысы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
“Ушул маанилүү күнү биз сансыз курмандыктарга жана кыйынчылыктарга чыдап, нацизмди талкалап, өз жеринин эркиндигин коргоп калган жеңүүчүлөр муунуна – аталарыбызга жана чоң аталарыбызга таазим этип, урмат көрсөтөбүз. Согуштун оор жылдарында бекемделген достук жана өз ара жардамдашуу салттарына негизделген Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер мындан ары да өнүгөт деп ишенем. Сизден Кыргыз жеринде жашап жаткан согуштун ардагерлерине жана оорук эмгекчилерине чын жүрөктөн чыккан ыраазычылык сөздөрүмдү, ошондой эле бекем ден соолук, бакубат жашоо жана узун өмүр кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.