12 жаштагы кыргыз кызы Нестан Франциядагы эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөдү (видео)
1945-жылдын 7-майынан 8-майына караган түнү Реймс шаарында Германиянын багынып берүүсү тууралуу келишимге кол коюлуп, ал 8-май күнү саат 23:01де күчүнө кирген. Ошондон бери Франция бул датаны нацизмге каршы жеңиштин жана тынчтыктын символу катары белгилеп келет. Убакыт айырмасына байланыштуу мурдагы союздаш өлкөлөр бул күндү 9-майда майрамдашат.
8-майда Францияда өткөн эскерүү иш-чараларынын биринде SUPER.KG порталынын каарманы болгон 12 жаштагы кыргыз кызы Нестан да сөз сүйлөдү. Ал Франциядагы жергиликтүү кеңештин депутаты.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар согушта курман болгондорду эскерип, жөө жүрүшкө чыгышты. Андан соң Нестанга сөз берилип, ал тынчтыктын мааниси жана адам укуктарын коргоо тууралуу айтты.
Ал өз сөзүндө Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Рене Кассеннин “Дүйнөнүн кайсы бир бурчунда адам укуктары бузулуп жаткан болсо, бул планетада эч качан тынчтык орнобойт” деген сөзүн эске салып, дүйнө элдерин тынчтыкты сактоого жана ар кандай фанатизмге каршы турууга чакырды.
12 жаштагы кыргыз кызы Нестан Франциядагы эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөдү