"Смуглянка" Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы эң белгилүү советтик ырлардын бири. Ыр 1940-жылы жазылган.
Сөзү Яков Шведовго, обону Анатолий Новиковго таандык ырды Калыс Жакыпов ырдап, өзүнүн социалдык баракчасынан бөлүштү. Ыр партизан кыз тууралуу баяндап, сүйүү жана мекенчилдик темасын камтыйт.