“Журавли” ыры көп жылдан бери согушта курман болгондордун элесине арналган символдук чыгарма катары белгилүү болуп келет. Орусияда аты таанылган ырчы, кыргызстандык Амирчиктин аткаруусундагы бул ыр жаңы муунга дагы жакындаткан өзгөчө интерпретация катары бааланууда.
Ырдын жаңы версиясы мурункудай эле терең маанини жана согушта курман болгондорго болгон урмат-сыйды чагылдырып, көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды.