Аламүдүн районунда пара талап кылган салык кызматынын инспекторуна карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан Салык кызматынын Аламүдүн району боюнча инспектору Д.Р. кармалды. Ал жеке ишкерден текшерүүнүн жүрүшүндө кирешелер боюнча мыйзам бузууларды таап, аларды жашыруу үчүн 1,5 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган.
Ал Салиева көчөсүндө 50 миң сом алып жаткан учурда кармалган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, инспектор убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Чара колдонуу боюнча соттук отурум бүгүн, 27-январда өтөт. Тергөө жүрүп жатат.