Кечээ, 9-майда саат 16:00 чамасында Бишкектеги 10-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери Эрбол Казиев менен Ыйманбек Алиясов окуя болгон жерге барып, батирдин ичинде калган эркек кишини өрттөн алып чыгышты.
Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучунун денеси 80 пайызы күйүк алган.
Ошондой эле алар жогорку кабатта чыга албай калган аялды коопсуз жерге эвакуациялашты. Куткаруу учурунда кызматкерлер өздөрү да ар кандай деңгээлде уулуу түтүнгө ууланышкан.
Алардын ыкчам аракети өзгөчө кырдаалдар кызматы келгенге чейин тургундарга жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.