Биз социалдык тармакта

Кыргыз футболчуларынын Азия кубогундагы атаандаштары белгилүү болду

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын 2027-жылкы Азия кубогундагы тайпа боюнча атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалым болгондой, чүчүкулак тартуунун жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы С тайпасында Иран, Сирия жана Кытай курама командалары менен бирге жайгашты.

Белгилей кетсек, Улуттук курама команда Азия биринчилигине өз тарыхында үчүнчү ирет катышат. Жалпысынан турнирге континенттин 24 командасы катышып, чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы боюнча 6 тайпа түзүлдү.

2027-жылкы Азия кубогу 7-январдан 5-февралга чейин Сауд Арабиясынын Эр-Рияд, Жидда жана Эль-Хубар шаарларында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан