Чүй облусундагы Ак-Бешим шаарчасы аймагында кыргыз-япон археологиялык экспедициясы VII–VIII кылымдарга таандык, будда динине тиешелүү болушу мүмкүн болгон храм комплексинин калдыктарын аныктады. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, изилдөөлөр Шахристан-2 тилкесинде жүргүзүлүп, күйгөн кыштан жасалган тепкичтер, пандус жана платформа табылган. Адистер бул элементтер Тан доорундагы храм архитектурасына мүнөздүү экенин белгилешүүдө.
Табылга мурдагы археолог Алексей Бернштамдын бул аймакта будда храмы болгон деген божомолун тастыктады.
Экспедиция 2012-жылдан бери иш алып барып келет. Изилдөөлөрдү кыргыз тараптан Бакыт Аманбаева, япон тараптан Казуя Ямаучи жетектөөдө.
Учурда аймакты тарыхый-маданий статуска кайтаруу жана келечекте ачык асман алдындагы музей түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда.