Биз социалдык тармакта

Хамзат Чимаев америкалык мушкерден жеңилип калды (видео)

Бүгүн, 10-май күнү АКШнын Ньюарк шаарында өткөн UFC 328 мелдешинде негизги беттеш орун алды.

Орто салмактагы чемпиондук наам үчүн Бириккен Араб Эмирликтеринин атынан чыккан Хамзат Чимаев менен америкалык Шон Стрикленд беттешти.

Беш раундга созулган кармашта жеңишти калыстардын чечими менен Шон Стрикленд алып, чемпиондук курга ээ болду. Чимаев болсо титулун жоготту.

Белгилей кетсек, Чимаев 15 жолку жеңиштен кийин биринчи ирет жеңилүү ызасын тартты. Ал эми Стрикленддин эсебинде азыр 31 жеңиш жана 7 жеңилүү бар. Ал мурда 2023–2024-жылдары ээ болгон чемпиондук титулун кайра кайтарып алды.

Хамзат Чимаев америкалык мушкерден жеңилип калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан