Чүй облусунун Жаңы-Турмуш айылындагы үйлөрдүн биринде 1977-жылы туулган Т.К. аттуу жаран баңгизаттарды үйүндө сактап, сатып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, текшерүү учурунда жогоруда көрсөтүлгөн даректен 2 килограмм 263 грамм баңгизат, ошондой эле 30 даана диний багыттагы диск, диний багыттагы 1 даана китеп жана 3 даана ок-дары табылды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө Т.К. баңгизат каражаттарын 1969-жылы туулган А.А. аттуу жарандан алгандыгын аныктады. Анын үйүнө да тинтүү жүргүзүлүп, баңгизат табылды.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде 1977-жылы туулган Т.К. жана 1969-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө уланууда.