Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы филармониядагы таманташтар бекер таратылат делген видео боюнча үн катты

Интернет желесинде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын айланасындагы бузулуп жаткан таманташтарды бекер алып кетүүгө чакырган жарандын видеосу тарады.

Бүгүн, 10-майда Бишкек шаарынын мэриясы аталган видео фейк экенин жарыялап, окуя боюнча үн катты.

"Аталган видеодо айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт жана расмий мүнөзгө ээ эмес. Чынында, 2026-жылга карата бекитилген планга ылайык, Кыргыз улуттук филармониясынын айланасында реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Курулуш жана оңдоо иштери подряддык “Эск Лидер Хаос” уюму тарабынан аткарылат. Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө алынган эски тротуар таштары жана башка жарактуу материалдар район аймагындагы муктаж социалдык объектилерде кайра пайдаланылат", - деп белгиледи мэрия.

Муниципалитет жарандарды такталбаган жана расмий эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Мэрия Филармониянын айланасындагы бекер таратылат делген таманташтар боюнча үн катты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан