Бүгүн, 10-майда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автобекет комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президентке 9 блоктон турган комплекстин долбоору көрсөтүлдү.
Ага төмөнкүлөр кирет:
- айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана;
- кеңири күтүү залы;
- перрон;
- административдик имарат;
- коммерциялык жайлар;
- шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн унаа токтотуучу жайлар;
- жеңил жана башка унаалар үчүн өзүнчө токтотуучу жайлар.
Жапаров объектти кыдырып чыгып, курулуштун жана колдонулуучу материалдардын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын август айына чейин аяктоо күтүлүүдө.