Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков социалдык баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.
Ал учурда Кыргызстандын улуттук курама командасы менен окуу-машыгуу жыйынында жүргөнүн белгиледи. Ошондой эле машыгууларга кубалык легендарлуу балбан Михаин Лопестин жеке машыктыруучусу Рауль агай катышып жатканын кабарлады.
Шаршенбеков муну команда үчүн чоң сыймык экенин кошумчалады.