Чехия чемпиондугунун алкагында "Славия" менен "Спарта" футбол клубдарынын ортосундагы оюн күйөрмандардын жаңжалынан улам аягына чыкпай калды.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, беттештин соңуна саналуу мүнөттөр калганда "Славиянын" күйөрмандары оюн талаасына чуркап чыгып, "Спартанын" айрым оюнчуларына кол салууга аракет кылышкан. Андан кийин оюн токтотулуп, футболчулар коопсуз жайга чыгарылган.
Окуядан кийин "Спарта" оюнду улантуудан баш тарткан. Эми тартип комитети "Славияга" техникалык жеңилүү бериши мүмкүн экени айтылууда.