Балыкчы шаарында кире бериштеги ДЭУ участогунда жаңы боз үй шаарчасынын курулушу кызуу жүрүүдө. Шаар мэри Баатырбек Жантаев бардык негизги иштер бүткөрүлүп, расмий ачылыш 13-майга белгиленгенин билдирди.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, аймакта электр энергиясы жана таза суу толугу менен тартылып, заманбап жарыктандыруу орнотулду. Ошондой эле дааратканалар жана намазкана даярдалган. Жакынкы убакта 400 түп дарак отургузулуп, аймак жашыл зонага айландырылары айтылды.
"Бул долбоор жол жээгиндеги иретсиз сооданы жөнгө салуу жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт. Шаарча келечекте этно-туристтик борборго айланышы күтүлүүдө", - деп белгиленген маалыматта.