Бүгүн, 10-майда “Газпром балдарга” дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде грэпплинг ADCC боюнча жаш өспүрүмдөр жана чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиондугу башталды.
Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, салтанаттуу ачылышка Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Самат Эркинбеков, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
"Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан келген спортчулар катышып, жеңүүчүлөр Азия чемпиондугуна катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Турнирдин максаты Грэпплинг спорт түрүн өнүктүрүү, спортчулар арасында тажрыйба алмашуу жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерге мыктыларды тандоо", - деп белгиленди маалыматта.