Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Өзгөн районунда жайгашкан "Прогресс" мал базарына мониторинг жүргүздү.
Айыл чарба министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күндө аталган мал базарга 520дай бодо мал, 320 жылкы жана 900гө чукул кой-эчки алынып келет.
Мониторинг учурунда базарга алынып келген мал жандыктарынын болжол менен 70 пайызы кулак биркалары менен камсыздалганы маалым болду.
Ошондой эле мал жандыктарын коштоочу ветеринардык документтер боюнча:
Белгилей кетсек, бул базарга мал жандыктары негизинен Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунан, ошондой эле Жалал-Абад жана Талас облустарынан жеткирилет.