Биз социалдык тармакта

Чүйдө 26 жаштагы жигиттен 50 таңгак психотроптук зат табылды

Аламүдүн районунда психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин айылында 26 жаштагы жигиттен 50 даана баштыкчага таңгакталган альфа-PVP аталышындагы психотроптук зат табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 96 граммды түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан