Кечээ, 10-майда Ош аба майданынан 180 кыргызстандык зыяратчы ажылык ибадатын аткаруу үчүн Медина шаарына учуп кетишти.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдагандай, аларды сапарга узатууга муфтий Абдулазиз Закиров катышкан.