Биз социалдык тармакта

Кочкор районунда заманбап оорукана курулууда

Кочкор районунда 3 кабаттуу, эки корпустан турган оорукана курулууда. Бул тууралуу 11-майда Курулуш министрлиги кабарлады.
Башкы планга ылайык, оорукана заманбап үлгүдө салынып, жалпы аянты 6661 чарчы метрди түзөт. Анда 40ка жакын бейтап палатасы, дарыгерлердин бөлмөлөрү, төрөт бөлүмү, операциялык блок, биохимиялык лаборатория, жандандыруу бөлүмү, стерилдөө бөлмөсү, жыйындар залы, лифт жана ашкана каралган.
Курулуш иштери “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан