Биз социалдык тармакта

Аскер кызматкери зордуктоого аракет кылган деп шектелип кармалды

Аламүдүн районунда 20 жаштагы жигит 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалды. Маалыматты бүгүн, 11-майда Чүй облустук милициясы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 8-майда болгон. Ал күнү шектүү досу менен бирге Бишкектеги кафелердин биринен 2 кыз менен таанышкан. Алар таңга маал шектүүнүн Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаасы менен Кой-Таш айылындагы эс алуу комплексине жакын жайгашкан капчыгайга барышкан.

Ал жерден 20 жаштагы жигит жабырлануучу кызды зордуктоого аракет кылган. Бирок ошол учурда кыздын курбусу келип калып, арачага түшкөн. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (Зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып, шектүү ЖАМКнын Күзөт жана конвой департаментинин кызматкери экени жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан