
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда 3 жол тейлөө пунктун куруу башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, тейлөө пункттары Балыкчы – Жалал-Абад жолунун 107, 261 жана 358-чакырымдарына курулмакчы. Курулуш иштери Кызарт жана Сузак аймактарында башталган. Ал эми Сары-Камышта - 261-чакырымдагы курулуш тиешелүү документ иштери толук бүткөндөн кийин башталат.