
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси
Дайырбек Орунбеков өлкөдө газ жана күйүүчү майдын кымбатташына түшүндүрмө берди.
Ал Америка менен Израил Иранга каршы согуш аракеттерин баштагандан бери дүйнө жүзүндө газ жана күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттап, аталган көйгөй өлкөгө дагы түздөн-түз таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
"Мурда согуш башталганга чейин Орусиядан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасын 650 доллардын тегерегинде алып келсек, учурда анын баасы орточо 950 доллар. Ал эми дизель отунун мурда тоннасы болжол менен 700 доллар болсо, азыр 1200 доллардан ашты.
Айрым жарандарыбыз “эмне үчүн кошуна Казакстанда күйүүчү май арзан да, бизде кымбат?” деген суроону берип жатышат. Мунун негизги себеби - Казакстанда ири мунай ресурсу бар, өздөрү өндүрөт жана күйүүчү май мамлекет тарабынан субсидияланат. Башкача айтканда, мамлекет каржылап өз эсебинен бааны төмөн кармап турат.
Бизде дагы ушундай тажрыйба электр энергиясы тармагында колдонулат. Мисалы, Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк баасы 3 сом 7 тыйын болсо, элге 1 сом 64 тыйындан берип жатабыз. Ортодогу айырманы мамлекет субсидиялайт",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.