Бишкекте 46 жаштагы жаран өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр август айында арзан баада батир алып берүү шылтоосу менен жабырлануучунун 85 миң долларын алып, из жашырып кеткен. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.