Биз социалдык тармакта

Бишкекте 32 жаштагы жаран 10-кабаттан кулап каза тапты

Бишкекте курулуп жаткан объекттин 10-кабатынан 32 жаштагы жаран кулап түштү. Маалыматты Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 10-май күнү болгон. Ал объекттин жогорку кабатында лифт жабдууларын орнотуп жатып кулап кеткен жана ошол жерден каза болгон. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси (Тоо-кен, курулуш же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, жооптуу кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана жумушчулар суракка алынууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан