Биз социалдык тармакта

Жоламан Шаршенбеков стипендия маселеси кайра каралып жатканын айтты

Спорттук баяндамачы Бексултан Усеналиев социалдык тармактагы баракчасына белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков менен болгон маектин үзүндүсүн жарыялады.

Анда балбандын коомчулукта талкуу жараткан стипендия боюнча айтып бергенин угууга болот. Шаршенбеков мамлекет тарабынан бериле турган стипендия 4 жылдык мөөнөттөн 1 жылга кыскарып кеткенин айтып, учурда бул жагдай кайра каралып жатканын билдирди. Ошондой эле спортчу стипендиядан башка каржылык колдоолор токтобогонун белгиледи.

"Федерациядагы адамдар бизге ай сайын акча берип жатышты. Операцияма дагы жардам беришти. Толук кандуу эле карап жатат десем болот",- деди Шаршенбеков.

Буга чейин белгилүү балбан Мээрим Жуманазарова маектеринин биринде Жоламан Шаршенбеков стипендия албай турганын айткан. Бул дароо коомчулукта талкуу жараткан.

Жоломан Шаршенбеков стипендия кайра каралып жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан