
Өлкөдө 1-июлдан баштап “Бала ырысы” жөлөк пулу үчүн арыздар кабыл алына баштайт. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Эмгек министрлигинин Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын Мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башчысы
Максат Туларбек кызы билдирди.
Айтымында, учурда өкмөт тарабынан
жөлөк пулду берүү механизмдери иштелип жатат.
"Азыркы учурда балалуу энелерге жеңил болушу үчүн электрондук арыз кабыл алууну иштеп чыгып жатабыз. Мында ата-энелер үйдө отуруп эле арыз тапшыра алышат",- деди ал.
Туларбек кызы жөлөк пулдун бул түрүн алуу үчүн бала ата-энеси менен чогуу жашашы керек деген шарт бар экенин кошумчалады.