Кечээ, 10-майда “Ак-Тилек” фитосанитардык текшерүү постунда Орусиядан ташылып келе жаткан жүк артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 36 куб метр ийне жалбырактуу пиломатериалдын, фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтары транспорттук документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиги аныкталган.