Жумгал районунда 74 жаштагы жаран киши өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 9-май күнү Чаек айылындагы үйлөрдүн биринен 73 жаштагы тургундун сөөгү табылган. Маркумдун көкүрөк тушуна бычак сайылганы аныкталган.
Бул ишке шелтелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган факт боюнча тиешелүү соттук-медициналык, криминалистикалык жана биологиялык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Айыр маалымат каражаттары өздүк булактарына таянышып, шектүү аял киши жолдошун өлтүргөнүн жазса, айрымы классташын бычактаганын билдиришүүдө.