Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 10 күндө 30 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

Өлкө аймагында 1-майдан 10-майга чейин 32 миң 972 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 11-майда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Алардын ичинен:
  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 4821;
  • Мас абалында унаа башкаруу — 436;
  • Автоунаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 375;
  • Жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 834;
  • Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5880;
  • Автоээнбаштык — 79;
  • Белгиленген ылдамдыкты ашыруу — 3 025;
  • Жалган мамлекеттик каттоо номерлери менен унаа башкаруу — 26;
  • Карама-каршы тилкеге чыгуу — 1556;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 10 496.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 5444 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан