Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды. Маалыматты БШКнын басма сөз кызматы тастыктады.
Азырынча анын арызы качан каралары белгисиз. Айтиев №20 округдан депутат болуп шайланып келген. Ал парламенттеги эң жаш депутаттардын бири. 26 жашта.