Биз социалдык тармакта

Бишкекте арашан койлорунун эл аралык көргөзмөсү өттү 

Бишкек шаарында арашан койлорунун эл аралык көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Өзбекстан, Казакстандан келген коноктор жана өлкөнүн жети дубанынан келген фермерлер катышышкан. Көргөзмөдө арашан тукумундагы койлордун салмагына, боюна жана сырткы келбетине жараша атайын сынак өткөрүлгөн. Мыкты деп табылган койдун ээлерине баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана атайын дипломдор тапшырылды.

"Арашан породасы - акыркы жылдары кыргыз бренди катары дүйнөгө тааныла баштады. Анын тез эт байлаганы, боюнун бийиктиги жана жергиликтүү климатка тез көнүшү фермерлердин кызыгуусун арттырууда. Бүгүнкү күндө бул породадагы алдыңкы кочкорлордун баасы коомчулукту таң калтырып келет",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан