Кара-Суу районунда жол тескөөчүлөр күйүк алган ымыркайды ооруканага жеткирүүгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, 11-май күнү Кыргыз-Чек айылында 6 айлык баласынын бутун ысык кофеге күйгүзүп алган жаран милиция кызматкерлеринен жардам сураган. Жол тескөөчүлөр дароо кызматтык унаасы менен жарандын унаасын Ош облустук балдар ооруканасына чейин коштоп барышкан. Ымыркайга дарыгерлер тарабынан тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.