Биз социалдык тармакта

Бүгүн Ташиевдин ордуна КФБнын президенти шайланышы мүмкүн 

Бүгүн, 12-майда Кыргыз футбол биримдигинин кезексиз жыйыны өтөт. Анда биримдиктин президенти шайланышы мүмкүн.

Азырынча ага талапкер катары министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалгыз көрсөтүлдү. Ал эми аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө талапкерлер Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов болду.

Эскерте кетсек, 15-апрелдеги уюмдун жыйыны болуп, анда УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кеткенин жарыялаган. Ал 2024-жылдын 19-февралынан тартып биримдикти жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан