Бишкек шаарында 18-27-май күндөрү Улуттук госпиталда катаракта боюнча акысыз операциялар жасалат. Бул тууралуу 12-майда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, операцияны "Экспресс-ден соолук - жаркын саякат" эл аралык долбоорунун алкагында Кытайдан келген офтальмолог-дарыгерлер жасашат.
Долбоордун алкагында катаракта диагнозу коюлган бейтаптарга 300 операция жасоо пландалууда. Операциялар амбулатордук негизде жүргүзүлөт.
Бейтаптарды каттоо 12-майдан 18-майга чейин Тоголок Молдо көчөсү-1 дарегинде жүргүзүлөт.
Катталуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
• Жашаган жери боюнча үй бүлөлүк медицина барборунан офтальмолог-дарыгердин жолдомосу;
• Көкүрөк органдарынын рентгенографиясы;
• ЭКГ;
• Кандын жалпы анализи, кандагы канттын анализи, зааранын жалпы анализи;
• В жана С гепатиттеринин маркерлери;
• 64 жашка чейинки бейтаптар үчүн RW анализи;
• Өздүгүн тастыктаган документтер жана бар болгон күбөлүктөр (пенсиялык, майыптык, Баатыр эне жана башка).