Былтыр Кыргызстан менен Япониянын соода жүгүртүүсү 120 миллион 382 миң долларды түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдагыдан 0,6 пайызга көп экенин экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди.
Ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында белгилегендей, импорт 119,8 миллион долларды түзсө, экспорт 0,6 миллион долларды түзөт.
"Япониядан негизинен жеңил жана жүк ташуучу унаалар, алардын тетиктери, электрдик жабдыктар, дары-дармектер, медициналык жабдыктар, тамак-аш азыктары импорттолот. Ал эми Кыргызстан бал, булгаарыдан жасалган кийим-кечек экспорттойт",- деди Асылкулов.