Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө эл аралык спорттук иш-чара өтөт

Кечээ, 11-майда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев "UIM F1H2O дүйнө чемпиондугу - Кыргызстан Гран-приси. Ысык-Көл – 2026" эл аралык спорттук иш-чарасын өткөрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суу-мотордук Формула-1 боюнча дүйнө чемпиондугу Борбордук Азияда биринчи жолу Кыргызстанда уюштурулат. Спорттук иш-чара үстүбүздөгү жылдын август айында Ысык-Көл облусунда өтөт.

Өкмөт башчы бул Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалын дүйнөлүк аудиторияга таанытууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Мындан тышкары, тоо туризмин өнүктүрүүгө, заманбап туристтик инфраструктураны түзүүгө багытталган "Чаткал Резорт" улуттук долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан