Биз социалдык тармакта

Ташиевдин ордуна Адылбек Касымалиев шайланды (видео)

Бүгүн, 12-майда Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев шайланды.

Касымалиев бул чоң жоопкерчилик экенин айтып, кыргыз футболунун деңгээлин көтөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

Ал эми КФБнын аткаруу комитетинин мүчөлөрү болуп Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов шайланды. Алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2030-жылга чейин созулат.

Эскерте кетсек, 15-апрелде уюмдун жыйыны болуп, анда УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кеткенин жарыялаган. Ал 2024-жылдын 19-февралынан тартып биримдикти жетектеп келген.

Ташиевдин ордуна Адылбек Касымалиев келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан