Бишкек шаарынын жаңы башкы планы бекитилип, анын картасы жарыяланды. Анда трамвай жүрүүчү жолдор кызыл сызык менен чийилген.
- Байтик баатыр (Советский) көчөсүнүн Абсамат Масалиев (Магистраль) көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү.
- Киев көчөсүнүн Абдрахманов (Советский) көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү.
- Асаналиев көчөсү боюнча Абсамат Масалиев (Магистраль) көчөсүнөн Чүй көчөсүнө чейин. Андан ары Чүй менен Фучик көчөсүнө чыгып, Манас аэропортуна чейин барат.
- Медеров көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Валиханов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
- Валиханов көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Аалы Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү.
- Абсамат Масалиев көчөсү боюнча 7-апрель көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө жетпей. Андан ары Семетей көчөсүнө чейин түштүк тарапка чыгып, анан Барпы Алкулов көчөсүнө жетет.
- Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жукеев Пудовкин көчөсү бүткөнгө чейин түштүк-чыгыш тарапка чыгат.