Бишкектин жаңы башкы планынын картасында борбор калаанын түндүк тарабындагы чегинен тышкары, темир жол линиясы (үзүк кызыл сызыктар) көрсөтүлгөн.
Темир жол Аламүдүн районундагы Ат-Башы, Бирдик айылдарынын түштүк тарабынан (алысыраак) өтүп, андан ары Манас аэропортуна жетпей түштүк тарапка түшөт. Андан соң Сокулук районуна барып, учурдагы темир жол линиясына кошулат. Картада Манас аба майданына да бара турган темир жол линиясы чийилген.