Өзбекстандын Денау шаарында күрөш боюнча мелдеш бир адамдын өлүмү менен аяктады.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, окуя 9-майда медициналык окуу жайдын стадионунда орун алды. Беттеште жеңилген спортчунун тууганы жеңүүчүнүн атасынын артынан келип бычак сайган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилгени менен жандандыруу бөлүмүндө каза болду.
Шектүү кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Ал мурда да соттолгону айтылууда.