Биз социалдык тармакта

Бишкекте жүрөк текшерүү боюнча акысыз акция уюштурулат

Жүрөк кан-тамыр оорулары Кыргызстанда калктын ооруга чалдыгуусунун, майыптуулуктун жана мезгилсиз каза болуунун негизги себептеринин бири бойдон калууда.

Мындай билдирүүсүн бүгүн, 12-майда Саламаттык сактоо министрлиги таратып, Бишкекте 13-20-май күндөрү “Саламат жүрөк — чекаптан өт” аттуу акциясы уюштурулуп жатканын билдирди.

Маалым болгондой, аталган акцияны академик Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте, Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу астында өткөрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан