Биз социалдык тармакта

Бишкекте миң долларлык кочкор уурдалып, шектүү кармалды

Бишкекте мал уурдоого шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал апрель айында Бугу-Эне-Багыш жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин короосунан баасы 1000 доллар турган кочкорду уурдап кеткен. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Мал уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Текшерүүдө анын ошол эле аймакта дагы бир нече мал уурдаганы аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан