Бишкекте шаарында "Тез жардам" унаасына тоскоолдук жараткан айдоочуга чара көрүлдү. Бул тууралуу 12-майда Милициянын кайгуул кызмат башкы башкармалыгынан билдиришти.
Интернет желесинде Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа туура эмес жерге токтотулуп, "Тез жардам" унаасынын кирүү жолун тосуп койгондугу тууралуу видео тараган.
Аталган факт боюнча айдоочу ыкчам түрдө аныкталып, ага карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн.