Бүгүн, 12-май күнү Ош шаарында терроризмге каршы күрөштө каза болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жаркын элесине арналган эскерүү митинги өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, аскердик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Ошондой эле шаар тургундары, маркумдардын жакындары жана мектеп окуучулары да эскерүү аземине күбө болушту.
Эскерүү митингинин жүрүшүндө кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин элесине таазим көрсөтүлүп, мемориалга гүл коюлду. Мындан сырткары, маркумдардын арбагына багышталып куран окулуп, дуба кылынды.
Иш-чаранын негизги максаты — өлкөнүн коопсуздугу жана элдин тынчтыгы үчүн өмүрүн арнаган кызматкерлердин эрдигин даңазалоо, алардын элесин түбөлүк сактоо жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо болуп саналат. Белгилей кетсек, мындай эскерүү иш-чарасы Ош шаарында быйыл экинчи ирет өткөрүлдү.
Ошондой эле иш-чаранын соңунда шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган волейбол жана футбол боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрүнө ардак грамоталар, медалдар, кубоктор жана баалуу белектер тапшырылды.