Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы мектепке 1200 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, аймактагы мектептердеги орун тартыштыгын жоюуга багытталган.
Башкы планга ылайык, жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзгөн 4 кабаттуу, 5 блоктон турган жаңы имарат салынат. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгек жана информатика кабинеттери, ошондой эле бардык шарттары каралган спорт зал болот.
Учурда курулуш иштери тынымсыз жүрүп жатат. Объектте эки нөөмөт менен 87 жумушчу эмгектенүүдө.
Белгилей кетсек, азыркы мектеп имараты 1987-жылы курулган. Бүгүнкү күндө анда 2000ге жакын окуучу билим алууда.